DataLife Engine > Жаңылыктар > Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты

Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султандын бир бөлүгүн жарыксыз калтырган көмөкчү чордондогу авариянын чыгышына себепчи болгондорду аныктоону тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан президенттин маалымат катчысы Берик Уалиге таянуу менен жазды. 

Ага ылайык, окуяны териштирүү укук коргоо органдарына берилиши ыктымал.

"Президент мындай көрүнүшкө кийин дагы жол бербөө үчүн өкмөт менен Нур-Султандын акимиатына зарыл болгон чараларды көрүүнү тапшырды", — деди Берик Уали.
10-ноябрь күнү түнкү саат экиде "Левобережная" көмөк чордонунда кабель күйүп кеткен. Анын кесепетинен жети турак жай комплекси менен 25 административдик имарат жарыксыз калган. Алардын ичинде Акорда, өкмөттүн имараты, Жогорку сот, сенат, мажилис, министрлер үйү да бар.

 

11-ноябрда, жергиликтүү бийлик көмөк чордондор калыбына келтирилгенин маалымдады. Анткен менен жарык бардык жерге толук бериле элек.

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20191111/1046193629/nur-sultan-shaary-zharyksyz-tokaev.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад