DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > ТАЖИКСТАНДА "ЖАЛГАН" ДИПЛОМ МЕНЕН БИР НЕЧЕ МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ (ВИДЕО)

ТАЖИКСТАНДА "ЖАЛГАН" ДИПЛОМ МЕНЕН БИР НЕЧЕ МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ (ВИДЕО)

Согди облусунун прокуратурасы жасалма диплом менен окутуучулук ишмердүүлүк жүргүзгөн 16 фактынын бетин ачты. Айрымдары жогорку билим туурасындагы жалган документтин аркасы менен мектеп директору, бала бакча башчысы болуп иштеп жүрүшкөн.

Прокуратурадан маалымдашкандай, жасалма диплому бар бир мугалим “Мыкты билим берүү кызматкери” деген наам алганга дагы жетишкен. Тергөө алардын атайын билими жок экенин аныктаган.

Өлкө мыйзамдары боюнча жасалма документ менен кармалгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок окутуучулар мунапыска туш келип, болгону жумуштан четтетилген.

Жасалма дипломдордун көбү жарандык согуш маалында сатылганы белгиленип келет. Бирок “жалган” документ менен жүргөн көп сандагы мектеп директорлору жана бала бакча башчылары тууралуу маалымат биринчи жолу маалымдалып жатат.

Согди облусунун Билим берүү башкармалыгы мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн 90-жылдардын соңунда жогорку билим алган, мектеп директорлугуна талапкерлердин дипломдору тыкыр текшерилерин белгилөөдө.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад