ОРУСИЯ САНКЦИЯЛАРДЫ КЫСКАРТУУ МАСЕЛЕСИН АКШ МЕНЕН ТАЛКУУЛАБАЙТ
Орусия өзөктүк куралды кыскартса, экономикалык санкцияларды алуу боюнча Дональд Трамптын сунушун Москва кубаттаган жок.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков БУУнун Нью-Йорктогу баш-кеңсесинде журналисттерге маек берип, Москва ядролук куралды кыскартуу боюнча Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин, бирок санкцияларды алуу маселесин талкуулоого ниеттенбей турганын билдирди.
«Санкциялар — сүйлөшүүлөр үчүн предмет эмес. Чектөөлөрдү алуу критерийлерин биз талкуулаган эмеспиз, мындан ары да талкуулабайбыз. Бул санкциялар ойдон чыгарылган жана мыйзамсыз жүйөлөрдүн негизинде киргизилген», — деди ал.
Рябков Орусия өзөктүк куралданууну кыскартуу багытындагы идеаларды талкуулоого ачык экенин билдирди. Ал диалогсуз эч бир ишти аткаруу мүмкүн эместигин, бирок Орусия коргонуу маселесинде улуттук кызыкчылыктарды эске аларын баса белгиледи.
Вернуться назад