DataLife Engine > Жаңылыктар > Өкмөт аппаратынын кызматкери Скобеев тергөө абагынан чыкты

Өкмөт аппаратынын кызматкери Скобеев тергөө абагынан чыкты

Такталбаган маалыматтар боюнча ал коррупцияга шектелип жатат.

Өкмөттүн аппаратынын кызматкери Егор Скобеев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Ал тергөө абагынан 14-декабрь күнү чыгарылган, бирок бул тууралуу маалымат эми гана белгилүү болду. Соттон билдиришкендей, Скобеев тергөө менен кызматташууга макул болгон.

 

Аткаминер былтыр, сентябрда, камакка алынган. Такталбаган маалымат боюнча ал коррупцияга шектелип жатат.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Скобеев аппараттагы бөлүмдөрдүн биринде эксперт катары эмгектенип келген. Ага чейин, 2011-жылдары, коопсуздук, укук тартиби жана коргонууну камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200104/1046683591/skobeev-okmot-korrupciya-kamak.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад