DataLife Engine > Жаңылыктар > Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Кара-Суу районунун Савай айылында өткөн ири аламан улактын баш байгесине коюлган батирди эки улакчы бөлүп ала турган болду. Бул туурасында мелдеш өткөргөн Каныбек Акаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-январда, 1000ден ашуун чабандестин катышуусунда улак тартыш оюну өттү. Анда башкы соорунга коюлган Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Байыш Ниязов алган. Бирок андан соң талаш жаралып, баш байгеге улакты Акжол Кылычбек уулу таштаганы айтылды.

"Байыштын да, Акжолдун да таштаган салымын эсепке алууну чечтик. Батирди экөө бөлүп алмай болушту”, — деди Акаев.

Талаш эмнеден чыкты?

Оюндун аягында башкы байгелер коюлуп жаткан. Мына-мына батир ойнотулат деп турганда Байыш Ниязов улакты жулуп чыгып ортодогу марага таштаган. Андан соң Акжол Кылычбек уулу эңип алып трибунанын алдындагы марага таштаган. Мындан улам Ниязовго автоунаа, Кылычбек уулуна батир берилмей болгон. Бирок буга Ниязов нааразы болуп чыкты. Себеби ал машина эмес, батир ойнотулуп баштаганда салым жасаганын жүйө келтирген. "Демек, кийинки салым эсепке алынбашы керек болчу” деп ортодо талаш жаралды. Акыры той ээси жана калыстар кеңешип, баш байгени экөөнө бөлүп берүүнү чечти.

Байгени тең бөлүшмөй болгон Акжол Кылычбек уулу 26 жашта. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын кулуну.

 

Байыш Ниязов Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. "Достук” көк бөрү командасынын капитаны болуп жүргөн.

Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусунда Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдө. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берип жатат.

Оюндун эрежеси

Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы, алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200125/1046871525/alaman-ulak-bayysh-niyazov-batir.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад