DataLife Engine > Жаңылыктар > ӨЗБЕКСТАНДА ПАХТА ТЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛООДОН УЛАМ КЕЛИНДИН БОЮНАН ТҮШТҮ

ӨЗБЕКСТАНДА ПАХТА ТЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛООДОН УЛАМ КЕЛИНДИН БОЮНАН ТҮШТҮ

ӨЗБЕКСТАНДА ПАХТА ТЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛООДОН УЛАМ  КЕЛИНДИН БОЮНАН ТҮШТҮМажбурлап пахта жыйноого жөнөтүлгөн Жизак облусунун Зарбдар районундагы «Мустакиллик» маалесинин 28 жаштагы жашоочусу Диларом Жураеванын боюнан түштү. Анын ичиндеги наристеге алты ай болуп калган. Жергиликтүү тургундар келинди маале активисттери мажбурлашканын айтышууда.

Зарбдар районунун жашоочуларынын бири жарандык жыйын башчысы кош бойлуу келинди пахта жыйноого барууга мажбурлаганын билдирди. «Аны барбаса көз жаргандан кийин баласына жөлөк пул бербей турганын айтып коркуткан. Үйүнө да милиция кызматкерлерин жөнөткөн. Пахта жыйноонун алгачкы күнү эле жүрөк заада болгон аялдын боюнан түшүп калды. Мен аны өз көзүм менен көргөндүктөн дагы деле өзүмө келе албай турам. Маале төрагасы менен РИИБ кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек деп эсептейм», – деди окуянын күбөсү.

Жергиликтүүлөрдүн айымдарында, ыйгарым укуктуу мекемелердин өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, жашоочулардын пахтага чыгууларын талап кылышкан. «Алар пахта жыйноого ар бир үй-бүлөдөн кеминде бирден киши чыгыш керек экенин айтып, анын «жогорку» жактын буйругу экенин жана сөзсүз аткарылышы керектигин билдиришкен», - деп кошумчалашты жергиликтүүлөр.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад