DataLife Engine > Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары > ЭГИЗ КЫЗДАРДЫН ЖАШ ЭНЕСИ ЖОЛДОШУНУН КОЛУНАН КАЗА ТАПТЫ

ЭГИЗ КЫЗДАРДЫН ЖАШ ЭНЕСИ ЖОЛДОШУНУН КОЛУНАН КАЗА ТАПТЫ

Баткен шаарындагы жеке менчик медициналык клиниканын массажчысы 28 жаштагы Гүлдана Ахматжанованы мурдакы күйөөсү мыкаачылык менен өлтүрүп кетти.

ЭГИЗ КЫЗДАРДЫН ЖАШ ЭНЕСИ ЖОЛДОШУНУН КОЛУНАН КАЗА ТАПТЫ

Баткен облустук ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай 2017-жылдын 15-январь күнү саат 10-00 чамасында Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын Чет-Булак участкасынын күн чыгыш тарабындагы талаадан,  жолдун четинен болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Бул боюнча Баткен ОИИБнын жана Баткен РИИБнын кылмыш иликтөө тобу  тарабынан иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өлтүрүлгөн жаран  Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылынын тургуну 1989-жылы туулган Гулдана Темирова экендиги аныкталды.

16-январь күнү иликтөө иштеринин натыйжасында Гүлдана Темированын  мурдакы күйөөсү Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну 1983-жылы туулган Сапарали Эгембердиев аныкталып  кармалды.

Сапаралинин Эгембердиевдин  айтуусу боюнча булар 2015-жылдан бери чогуу жашашпай ажырашып кетишкен. Ортолорунда 4жаштагы эгиз кыздары болгон. 15-январь күнү экөө борбордук базардан жолугушуп, Сапаралинин унаасына олтуруп Чет-Булак участкасындагы талаага барышып пикир келишпестен уруша кетишет. Гулдана Сапаралинин намысына тие турган сөздөрдү сүйлөгөндө, Сапарали намысына чыдабай аны таш менен башына бир нече жолу уруп окуя болгон жерден изин жашырып кетет. Гулдананын  телефону, кол сумкасы жана кыздарына алган буюмдары Сапаралинин автоунаасында калып кеткендиктен, Сапарали жолдо баратып телефондогу симкартасын чыгарып симкартаны сындырып жолго ыргытып жиберет. Андан сон кыздарына алган буюдарын жолдун четиндеги арыктын боюна жашырып, сумкасын, телефонун Кадамжай району менен Баткен районунун ортосунан өткөн Көк дарыясына ыргытып жиберет.

Азыркы учурда Сапарали Эгембердиев убактылуу кармоо жайына киргизилди.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад