DataLife Engine > Жаңылыктар / На злобу дня > ИИМдин ЧОҢ МУШТУМ ОРУН БАСАРЫ

ИИМдин ЧОҢ МУШТУМ ОРУН БАСАРЫ

КРнын ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов "Азия news" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге кол көтөрдү. Мындай билдирүүнү генералдан муш жеген А. Сартбаев билдирди.

 

Айтымында, "Азия News" гезитине Асанов тууралуу маалымат жарыяланып, ага териккен ИИМдин орун басары гезиттин башкы редакторуна чоң муштумдук кылган.

ИИМдин ЧОҢ МУШТУМ ОРУН БАСАРЫ

"Курсан Асанов өлүм алдында жаткан адамдардын тагдырына түкүрүп, акча жасап алганы ачыкталабы?” деген чакан макалада тек гана кандуу Ош окуясында Асанов элдик милиционер, жабыр тарткандарды коргогондой көрүнгөнү тууралуу сөз болуп, барымтада калган өзбектерди танка, жана башка жолдор менен чыгарып, акча алганы ыраспы деген суроо коюлган болчу. Курсан Асанов эр болсо муш менен эмес, сөз менен жооп бербейби. Гезитке териксе сотко берсин. Бизде анын ишмердиги боюнча башка да маалыматтар бар, четинен иликтеп-жиликтеп жаза беребиз. Ошондон коркуп эми ортого ар кимди салып атат. Бүгүн да 2-3 киши чалып ийишти мага, ушул ишти ачыкка чыгарбай жөн эле койбопсуң дегендей",- дейт А. Сартбаев.

 

Ошол эле учурда ал бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылбастыгын билдирип, Асанов чоң муштумдугун моюнга алганын, мындан ары иштешүү сунушун бергендигин, бирок кечирим сурабагандыгын кошумчалады.

 

"Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт" дегендей, генералдын сын макалага анчалык теригишинин себеби "чычалаган чын болотко" айланып кетпесе болгону. Милициянын так башкы көчү кичинекей сынды кабылдай албай журналистке кол көтөрүп жатса, чоңураак сын үчүн "майып" кылып коюшун деле күтсө болчудай. Мындай кооптуу учурда болсо Сартбаев  сабырдуулук менен генералга кол кайтарбай, журналист деген наамына дак түшүрбөгөнү өз кесибине кайдыгер эместиги менен адамдык абийири жогору экендигинен кабар берет... Эми "Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп, Кыргыз милициясынын кадырын көч башындагы генерал Асанов түшүрүп койбосо болгону...

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад