DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан > АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУ ӨКҮМҮ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ

АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУ ӨКҮМҮ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ

АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУ ӨКҮМҮ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ

Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды. Чечим бүгүн, 24-январда кабыл алынды.

Сот күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү Аскаровдун күнөөсүн далилдегенин белгиледи. Ошол эле маалда анын кыйноого алынгандыгы жана тергөөнүн туура эмес жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдирүүлөр ырасталган эмес.

Соттон кийин Аскаров ачкачылык жарыялай турганын билдирди. Айыпталуучунун адвокаттары жарыш сөз маалында анын күнөөсүз экенин жана ага карата айыптар мыйзамсыз тагылганын билдиришти. Алар кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чакырыгынын негизинде Аскаровду актоону өтүнүштү. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоо мурдагы баскычтагы соттордун чечимин күчүндө калтырууну суранды.

Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашап, укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектип келген. 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин ал башаламандыктарды уюштурган жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген шек менен кармалган. Кийин бардык сот инстанцияларынын чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгууга чакырган. Комитет өз чечимин Аскаровдун мыйзамсыз кармалгандыгы, кыйноолорго кабылгандыгы жана начар шарттарда кармалып тургандыгы менен негиздеген.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад