DataLife Engine > Жаңылыктар > Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине келди

Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине келди

Бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине алып келинди.

 В Бишкеке приземлился самолет из Саудовской Аравии, на котором прибыл 121 гражданин Кыргызстана

Алар "Даммам — Бишкек" маршруту боюнча Flynas авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келгенин Тышкы иштер министрлиги билдирет.

В Бишкеке приземлился самолет из Саудовской Аравии, на котором прибыл 121 гражданин Кыргызстана

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү ошол өлкөнүн окуу жайларынан билим алып жаткан студенттер.

Кайтып келгендердин баары мурда кабыл алынган тартипке ылайык тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Кувейттен 102 кыргызстандык алып келинди

Бул каттам менен, мындан сырткары, Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да алып келинип, "Манас" аэропортунан атайын транспорт менен Казакстанга сапар алышты.

Чет өлкөлөрдө калган Кыргызстандын жарандарын жана мекенине келүүнү каалагандарды алып келүү иштери улантылып жатат.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20200701/1048866978/Saud-Araviasynan-121-kyrgyzstandyk-mekenine-keldi.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад