DataLife Engine > Жаңылыктар > Кафе, соода борборлор кечинде жабылат! Бишкекте жаңы чектөөлөр киргизилди

Кафе, соода борборлор кечинде жабылат! Бишкекте жаңы чектөөлөр киргизилди

Эпидемиологиялык абал оорлошконуна байланыштуу Бишкекте коомдук тамактануу жайлары жана соода борборлор күндүз гана иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Борбор калаада коронавирус жуктургандар көп аныкталып жаткандыктан, чектөөлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

Эми кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары эртең менен саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин иштейт;

Супермаркет, соода борборлору эртең мененки саат 7.00дөн кечки саат 19.00гө чейин;

Шаардагы бардык базарлар саат 6.00дөн 17.00гө чейин иштейт.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2 392ге, Чүй облусунда 1 047ге жетти. Азыркы тапта ушул эки аймакта эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө оорлошуп жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200701/1048871507/kafe-sooda-borborlor-kechinde-zhabylat.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад