DataLife Engine > Жаңылыктар > Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди

Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди

Тышкы иштер министрлиги Бангладештен 103 кыргызстандык Бишкекке алып келингенин билдирди.

Возвращение 103 граждан КР из Бангладеш

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда, Кыргызстандын Aviatraffic авиакомпаниясынын учагы менен Бишкек — Дакка — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштурулган.

Возвращение 103 граждан КР из Бангладеш

Ушул эле рейс менен коңшу өлкөлөрдүн кайрылуусун аткарып Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары дагы алып келинген. Аларга өз мекенине транзиттик коридор менен чыгып кетишери айтылат.

Азыркы тапта алып келинген мекендештер медициналык процедурадан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылган.

Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине келди



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200702/1048887013/bangladesh-103-kyrgyzstandyk-alyp-kelindi.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад