DataLife Engine > Жаңылыктар > Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.

Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.

Бүгүн эртең менен "Урал абал жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен Екатеринбургдан Бишкекке 218 кыргызстандык алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сегодня, 7 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Уральские авиалинии» по маршруту «Екатеринбург – Бишкек», которым из России вернулось 218 граждан Кыргызской Республики, включая малолетних детей.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИД КР
Бүгүн эртең менен "Урал абал жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен Екатеринбургдан Бишкекке 218 кыргызстандык алып келинди

Маалыматка ылайык, чартердик каттам менен учууга жарандардын тизмеси Башкы консулдукка түшкөн кайрылууларга карап түзүлгөн. Анын арасында кош бойлуу аялдар, жаш балдар, Россияда окуп жүргөн студенттер бар.

Ошондой эле коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ыктыярчы кыргыз дарыгерлери менен медайымдары дагы келгени айтылат.

Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды

Мындан сырткары, ушул учак менен Екатеринбургдагы активисттер жана Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан жыйналган, жалпы суммасы 4 300 долларга кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, глюкометр жана жеке коргонуу каражаттары келди.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200707/1048929702/ekaterinburgdan-kyrgyz-medikteri-keldi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад