DataLife Engine > Жаңылыктар > Чет өлкөдөн дары-дармек алып келүүгө чектөө кирген эмес. Өкмөттүн жообу

Чет өлкөдөн дары-дармек алып келүүгө чектөө кирген эмес. Өкмөттүн жообу

Чет өлкөдөн жеке буюртмалардын негизинде дары-дармек жана башка жүктөрдү алып келүүгө чектөө киргизилген деген маалыматты өкмөт четке какты.

Учурда мессенджерлерде экспресс- жүк ташуучу CDEK эл аралык компаниясынын билдирүүлөрүнүн скриншоттору тарап жатат. Анда 11-июлдан тарта "чек арадагы көйгөйлөргө байланыштуу" Кыргызстанга автоунаа, учак менен жүк жеткирүү токтотулганы жазылган. Башка скриншотто компаниянын кардарларга жооп берген кызматы Кыргызстанга жүк ташууда чектөө киргизилди деп жооп берген.

Сүрөттүн алдына интернет колдонуучулар кыйын учурда бийлик эмнеге мындай чечим кабыл алган деп нааразы болушууда.

Ал эми ал компаниянын расмий аккаунттарында андай билдирүүлөр жок.

Дары-дармек кампасынын алдындагы түнкү кезек. Бишкекте тартылган видео

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына  өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу министрлер кабинети андай чектөөлөрдү киргизбегендигин билдирди.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200712/1048989170/kyrgyzstan-okmot-dary-darmek-tashuu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад