DataLife Engine > Жаңылыктар > Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө

Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө

Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин (мурдагы Суворов училищеси) базасында 130 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү иштеп жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги биллдирди.

Ал жерде "Диамед" гемодиализ борбору менен биргеликте бөйрөгүн алмаштырып пневмонияга кабылган адамдар үчүн эки мобилдик диализ кабинети да ачылганы айтылат. Себеби мындай категориядагы жарандар күн сайын гемодиализ алууга муктаж.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Аталган жайдагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 70 медицина кызматкери директору Камчыбек Узакбаевдин жетекчилиги астында иштешкен. Алар 14 күн бою күнү-түнү бейтаптарды дарылап, үйүнө барышкан эмес. Бул аралыкта пневмониянын козгогучу бар орто жана оор абалдагы 292 бейтап, пневмониясы бар тогуз, ХБП-5D козгогучу аныкталган 192 адам айыгып чыккан.

Аскер лицейиндеги жугуштуу оорулар бөлүмүндө медиктердин биринчи тобу 14 күндүк ишин жыйынтыктап, учурда экинчи тобу нөөмөткө чыкты.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20200729/1049160755/suvorov-uchilischesinde-zhugushutuu-oorular-bolumu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад