DataLife Engine > Жаңылыктар / Редактордун колонкасы > Санитардык норманы сактабаган кафе-ресторандарга эми кылмыш иши козголот

Санитардык норманы сактабаган кафе-ресторандарга эми кылмыш иши козголот

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын ишине көзөмөл күчөтүлдү. Бул туурасында Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү аткарбаган фактылар эки жолу аныкталса, Эреже бузуулар кодексинин 150 жана 293-беренелери боюнча айып салынып, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилет. Ал эми Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинде жана Жазык кодексинин 280-беренесинде каралган фактылар боюнча Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык иш-чаралар өткөрүлөт.

Ага ылайык, биринчи мыйзам бузуу айып пул жана эскертүү менен чектелсе, экинчисинде айып салынып, кылмыш иши козголору айтылды.

Ошто санитардык эрежени сактабаган кафе, соода түйүндөрү айыпка жыгылды

Мындай талаптар борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин менчигинин түрүнө карабай баарына тегиз колдонулат.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200914/1049607601/kafe-restoran-erezhe-kylmysh-ishi-kozgolot.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад