DataLife Engine > Жаңылыктар > Мамлекеттик ипотека боюнча коюмдар азайтылабы? МИКтин жообу

Мамлекеттик ипотека боюнча коюмдар азайтылабы? МИКтин жообу

Мамлекеттик ипотека алган айрым жарандарга банктык коюмдар төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышты.

Жетекчи акыркы учурларда коюмдар эки ирет төмөндөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле өкмөт бюджеттик кызматкерлерге ставкаларды 6-8 пайызга чейин түшүрүп берүү боюнча токтом чыгарган.

"Биз бюджеттик кызматкерлер үчүн коюмдарды 6-8 пайызга түшүрүү аракетин көрүп жатабыз. Коюмдарды 4 пайызга чейин түшүрүп берүү өтүнүчтөрү дагы бар. Бирок бул мүмкүн эмес. Жакынкы келечекте ага жетип калышыбыз мүмкүн, бирок азыр эмес", — деди ал.

Эске салсак, токтомго ылайык, быйылкы жылдын 1-январынан тарта мурда 7-9 пайыз менен берилген кредиттер 6-8 пайызга түшүрүлүшү керек. Бул маселеде алгачкы төлөмдөрдүн көлөмү роль ойношу мүмкүн.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210121/1051180801/kyrgyzstan-ipoteka-pajyzdar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад