Эрлис Тердикбаев Генералдык штабдын башчысы болуп 29-майда дайындалган. Бул күнү Коргоо министрлигинде бир нече дайындоолор болгон.
Тердикбаев ага чейин КР Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.
Кыргызстанда 2014-жылы аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб деп түзүлгөн. Ушул жылдын 1-февралындагы президенттин жарлыгы менен кайрадан Коргоо министрлиги түзүлүп, Генералдык штаб министрликтин курамында калган.
Ушуну менен Садыр Жапаров президент болуп шайланган үч ай ичинде беш адамга генерал-майор, бир адамга генерал-лейтенант наамын берди.