DataLife Engine > Жаңылыктар > Мурдагы вице-мэр Алымкулов менен УКМК кызматкери эки айга камалды

Мурдагы вице-мэр Алымкулов менен УКМК кызматкери эки айга камалды

Борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Алардын баш коргоо чарасы 2-апрелде тандалып, 31-майга чейин камоо чечими чыккан.

 

Мурдагы вице-мэр менен УКМК кызматкери мыйзамсыз байыган жана Бишкектеги кымбат баалуу жер тилкелерди колдонууга берүүдө коррупциялык ишке барган деген шек менен кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жогорку кызматтагы адамдар дагы башка кызматтагылар менен сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын мэриясында иштегендерге басым жасаган. Алар жер участокторун тааныш адамдарына каттатууга аракет кылышкан.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20210403/1051994281/vitse-mer-aziz-alymkulov-kamaldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад