Садыр Жапаров жугуштуу илдеттер ооруканасындагы "кызыл зонага" барды. Сүрөттөр

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор, 144ү оор абалда экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, үчүнчү толкунга даярдануу алкагында бардык медициналык мекемелерде дары-дармектин жетиштүү кору бар экендигин белгиледи.
Мындан сырткары, бөлүнгөн 200 миллион сом керектүү дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшалары айтылды. Ошондой эле коронавирустан дарыланып чыккан учурларга 157 миллион сом каралган.


Ал жактан чыккандан кийин Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүнө кызыкты.
Мамлекет башчысы учурда өлкө жетекчилиги медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барып жаткандыгын, атап айтканда, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгын, башка категориядагы дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү пландаштырылып жатканын баса белгиледи.
Президент Жапаров өзгөчө кооптуу шарттарда иштеп, күн сайын өлкө жарандарынын ден соолугу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салып жаткан медицина кызматкерлерине талбаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал мамлекет тарабынан медиктердин иштөө шарттарын акырындап жакшыртууга болгон күч-аракеттер улантыларына ишендирди.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210415/1052142639/sadyr-zhaparov-kyzyl-zonaga-bardy.html
Вернуться назад