DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан > Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

https://sputnik.kg/society/20210514/1052494657/germaniya-kyrgyzstan-reagent-zhardam-koronavirus-anyktoo.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад