DataLife Engine > Жаңылыктар / Коом жана проблемалар > Жалпы жарандык паспортту кыска мөөнөттө алса болот. Баасы, убактысы

Жалпы жарандык паспортту кыска мөөнөттө алса болот. Баасы, убактысы

31-майдан тарта жарандар чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык паспортту тез арада жана кыска мөөнөттө алуу үчүн документтерди тапшыра баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Жалпы жарандык паспортту чукул арада — үч саатта, эки, төрт жана сегиз күндө алса болот.

Ага төмөнкүдөй акча төлөнөт (банктын кызматын кошкондо):

  • 8 күн — 2 300 сом;
  • 4 күн — 2 665;
  • 2 күн — 3 010;
  • 3 саат — 6 475.

Атын, атасынын атын, фамилиясын жана улутун өзгөртсө мамлекеттик пошлинадан улам 100 сомго кымбатыраак болот:

  • 8 күн — 2 400 сом;
  • 4 күн — 2 765;
  • 2 күн — 3 110;
  • 3 саат — 6 575.

Жоголуп кеткен же айрылып калган жалпы жарандык паспортту алмаштыруу (банктын кызматы менен мамлекеттик пошлинаны кошкондо):

  • 8 күн — 2 500 сом;
  • 4 күн – 2 865;
  • 2 күн — 3 210;
  • 3 саат — 6 675.

Жаңы муундагы паспорт Жарандык авиация боюнча эл аралык стандартка ылайык келет.

Документтерди толтуруу жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу Калкты тейлеген ар бир борбордо жүргүзүлүп жатат. Даярдоо мөөнөтү — 18 иш күн. Паспорт 10 жылга жарактуу, баасы 885 сом.

 
 
https://sputnik.kg/society/20210531/1052672763/zhalpy-zharandyk-pasporttu-chukul-arada-aluunun-baasy.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад