DataLife Engine > Жаңылыктар / Экономика / Коом жана проблемалар > Рысбекова: мигранттардын 4 миңге жакын баласы бөтөн адамдардын колунда калган

Рысбекова: мигранттардын 4 миңге жакын баласы бөтөн адамдардын колунда калган

2020-жылдагы маалыматтарга караганда, мигранттардын 3 800гө жакын баласы бөтөн адамдар менен калышкан. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, өткөн жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып текшергенде эмгек мигранттарынын 86 миңге жакын баласы аныкталган.

"69 миң баланын ата-энеси акча табуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен. Алардын 3,8 миңи бөтөн адамдарга ташталган. Балдарын курбуларына ишенип таштап кеткендер дагы болгон", — деди Рысбекова.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 5-майда кол койгон жаңы Конституцияда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы пайда болду.

 
 
https://sputnik.kg/migration/20210531/1052670656/kyrgyzstan-migrant-bala-boton-adam-baguu.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад