DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан / На злобу дня > Орхан Инандынын аялы жана тарапташтары элчиликтин алдына чогулушту

Орхан Инандынын аялы жана тарапташтары элчиликтин алдына чогулушту

Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын табылышын талап кылгандардын чакан митинги өттү.

Сторонники Орхана Инанды на митинге у посольства Турции в Бишкеке
©


 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына 10дой адам чогулган.

Алардын арасында Инандынын жубайы Рейхан Инанды дагы бар. Ал дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деген оюн айтты.

Үй-бүлөнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын билдирүүсүндө бул маалыматты аларга ишенимдүү адамдар билдирген. Бирок ал аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону суранган.

"Укук коргоо органдары чын-бышыгын билиши керек. Инандыны кыйнап Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу тууралуу арыз жаздырып, аны түрк паспорту менен өлкөдөн алып чыгып кетет деген так эмес версия бар", — деди жактоочу.

Түркия элчилигинен митингчилерге эч ким чыккан эмес.

 

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган.

 

Инандынын автоунаасы Октябрь районунун Малдыбаев көчөсүндөгү "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210606/1052745012/orhan-inandy-video-miting.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад