DataLife Engine > Жаңылыктар > Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды

Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды

Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

 

Бекмурзаев былтыр октябрдагы элдик толкундоого чейин "Түндүк электр" ишканасын жетектеп кеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Улуттук энергетикалык холдингдин башкы директорунун орун басарлыгына дайындалган болчу.

Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кызматтан бошоткон.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210608/1052780237/ehnergetika-ministri-doskul-bekmurzaev.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад