DataLife Engine > Жаңылыктар / На злобу дня > Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот

Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болорун айтып берди.

COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатты жарандар коопсуз жана онлайн режиминде төмөнкү жолдор менен ала алат:  

  • алгач vc.emed.gov.kg расмий сайтындагы "Сертификат" бөлүмүнө кирүү керек;  
  • КР жарандары персоналдык жеке номерин (ПИН), ID-картанын сериясын жана номерин терет; 
  • чет элдиктер паспорттун номери менен аты-жөнүн жазат. 

Сертификат PDF форматында жана индивидуалдуу берилген QR-код менен чыгарылат. 

Министрлик электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок экенин эскертти.  

Буга чейин вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты portal.tunduk.kg порталындагы "саламаттык сактоо" деген бөлүмү да көрсөтүп жаткан.

https://sputnik.kg/society/20210725/1053325551/koronavirus-ehmdoo-sertifikat-aluu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад