DataLife Engine > Жаңылыктар / Здоровье > Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады

Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады

Борбор калаадагы санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордо ПЦР-тесттин баасы арзандады. Бул тууралуу Антимонополияга каршы мамлекеттик агенттиктен билдирди.

"Мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн 14-сентябрдагы буйругунун негизинде, РНК/ДНК вирустук инфекцияларды аныктай турган ПЦР-анализ 896 сом болду", — деп айтылган маалыматта.

 

Аталган мамлекеттик борбордо мурда тариф 1 326 сом болсо, азыр 430 сомго арзандаганы айтылат.

 

Эске салсак, Монополияга каршы агенттик буга чейин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясында баа анализ тапшыруу 1 574 сомдон 786 сомго түшкөнүн билдирген. Андан сырткары Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык район аралык борбордо да 1 574 сомдон 927 сомго чейин арзандаган.

https://sputnik.kg/society/20210915/1053915275/kyrgyzstan-pcr-test-arzandoo.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад