Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдерге таянып, 16-сентябрда тергөө Жоомарт Оторбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечимин кабыл алган.
"Тергөөдө аныкталгандай, Оторбаев премьер-министр болуп турган кезде, өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кумтөр" кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалаган комиссияга басым жасап, КР "Суу жөнүндө" кодексинин жана мыйзамынын талаптарын бузуу менен Кумтөр Голд Компанинин (Центера Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдугун берген", — деп айтылат маалыматта.
Ведомстволор аралык тергөө тобу Оторбаев менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан бөгөт чарасы каралмакчы.