DataLife Engine > Жаңылыктар / Коопсуздук > Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады

Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияга барып ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кыргызстандан барган делегация өзгөчө кырдаал жана коопсуздук боюнча GAMER координациялык борборун, киберкоопсуздук бөлүмүн жана гендердик зомбулукка көз салып турган бөлүмдү көрүп чыккан.

"Жолугушууда кыргыз тарап ӨКМдин суучулдар кызматын катер менен камсыздоо маселесин карап берүүнү өтүнүп, тик учак да сураган. Түрк тарап Кыргызстанга жардам берүүгө, анын ичинде техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, кадрларды даярдоого көмөк көрсөтө аларын белгилеген", — деп жазылат маалыматта.

Эки тараптын жолугушуусу жемиштүү болгону кошумчаланды.

https://sputnik.kg/politics/20211016/1054247409/kyrgyzstan-turkiya-kater-tik-uchak.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад