DataLife Engine > Жаңылыктар / Экономика > Салык кызматы I кварталда 36.4 млрд сом чогултту

Салык кызматы I кварталда 36.4 млрд сом чогултту

15-апрелде Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2022-жылдын 1-кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия жыйыны болуп өткөнүн аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Салык кызматынын 3 ай ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга карата КНСти башкаруу боюнча иштеринин жыйынтыктары чыгарылды.

Ошондой эле, ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча иштин абалы каралды.

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, ушул жылдын 1-кварталында салык боюнча план 1 млрд 125.9 млн сомго ашыгы менен аткарылып, мамлекеттик бюджетке 36 млрд 383.6 млн сом жыйналган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 640.5 млн сомго көп.

«Салыктар боюнча планды ашыгы менен аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында мүмкүн болду. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да көрсөткүчтөр жакшы болду, мында 10 млрд 204.9 млн сом чогултулуп, 404.9 млн сомго ашыкча жыйналды. 2021-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1 млрд 425.1 млн сомго көп чогултулду», – деди Абдувапов.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын айтымында, быйылкы жылга Салык кызматынын алдына 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча чоң тапшырма коюлган.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/04/18/salyk-kyzmaty-i-kvartalda-36-4-mlrd-som-chogulttu/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад