Эрдоган: ТҮРКИЯ АРМИЯСЫ СИРИЯДАГЫ ЭЛЬ-БАБ ШААРЫН ЭЭЛЕДИ
Түрк армиясы жана анын тарапташтары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндөгү сириялык Эль-Баб шаарын ээледи. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Эрдоган маалымдады.
Түрк лидеринин маалыматы боюнча Эль-Баб бардык тарабынан курчалды, исламисттер чегинүүдө. Эрдоган шаарды толугу менен алууга аз убакыт калганын баса белгиледи.
Anadolu агенттигинин маалыматы боюнча түрк аскерлери исламисттер колдонгон жер астындагы өтмөктөрдү талкалап салышты.
Сириядагы Эль-Баб шаары Түркиянын чек арасынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Чек арага жакын аймактардагы жихадчыларды жок кылуу үчүн Түркия былтыр августта “Евфрат калканы” операциясын баштаган.
Вернуться назад