Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө”, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга алып чыккан, ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоо лицензиялануучу ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат.

Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген бардык түзүлүштөрдү идентификациялоо талаптарын аныктайт.

Мобилдик түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо өлкөгө алынып келинүүчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүүдө оң таасирин тийгизет, бул өз кезегинде экономикалык ишмердик жүргүзүүчү субъекттерди көмүскөдөн чыгарууга да оң таасирин тийгизет.

http://kg.kabar.kg/news/uiulduk-telefondordu-identifikatciialoodo-apparatty-kattoo-ch-n-700-som-lch-m-nd-aky-alynbait/