Кумтөр беш айда Кыргызстандын бюджетине 17 млрд сомдон ашык төлөдү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 31-майында аяктаган беш ай ичинде «Кумтөр» кенинде кен казуу иштеринин көлөмү 69.15 млн тоннаны түздү. 2022-жылдын январь-май айларында алтындын орточо курамы 3.33 г/т болгон 2 млн 705 миң тонна руда казылып алынган.
2022-жылдын биринчи беш айында алтынды бөлүп алуу фабрикасы алтындын орточо курамы 2.992 г/т болгон 2 млн 471 миң тонна руданы иштетип чыкты. Бөлүп алуу 75.79% түздү, 178 020 унция (5 537 кг) алтын эритилди.
«КГК өлкөнүн бюджетине бардык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында, толук төлөп жатат. 2022-жылдын январь-май айларында КГК Кыргызстандын бюджетине 74.9 млн доллардык пландын ордуна рекорддук суммада 17.3 млрд сомго (206.2 млн доллар) барабар салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөдү, анын 11.6 млрд сому Кыргызстандын минералдык-сырьёлук базасын өнүктүрүүгө багытталган. 2021-жылдан тартып «Кумтөрдүн» жаңы жетекчилиги пландалган бюджеттик салыктардан ашыкча түшкөн кирешенин 4% өлчөмүндөгү каражатты бул кошумча салыкты төлөөгө бөлүп келет», – деп айтылат компаниянын маалыматында.