БУУ 2022-2025-жылдары Кыргызстандагы кылмыштуулук жана баңги аткезчилиги менен күрөшүү боюнча долбоорлорго 10 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал кечээ, 23-июнда өткөн жолугушуусунда белгилүү болду, деп билдирет ТИМ басма сөз кызматы.
Тараптар өлкөлөр арасында уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашкан.
БУУ БКБ өкүлү 2022-2025-жылдарга Борбор Азия мамлекеттери үчүн программанын алкагында Кыргызстандагы БУУ БКБнын долбоордук иш-чараларын ишке ашырууга 10 млн доллар бөлүнөрүн билдирди.
Тараптар ошондой эле чек аралык кызматташуу боюнча кеңселерди түзүү, негизги өткөрүү пункттарын бекемдөө жана Кыргызстандагы мобилдүү ыкчам топтордун потенциалын чыңдоо аркылуу Борбордук Азиядагы чек ара кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган БУУнун БКБ долбоорлоруна жакшы баа беришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар быйыл ноябрда Бишкек шаарында учкучсуз учуучу системаларды кенен колдонуу боюнча аймактык конференция өткөрмөкчү болушту. Алар баңгизат өсүмдүктөрүн мыйзамсыз өстүргөн аймактарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн пайдаланылып, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө жардам бермекчи.