DataLife Engine > Жаңылыктар > Кыргызстан жакырчылыкты жоюу үчүн Кытай тажрыйбасын колдонууга белсенди

Кыргызстан жакырчылыкты жоюу үчүн Кытай тажрыйбасын колдонууга белсенди

Кыргызстан жакырчылык менен күрөшүү боюнча Кытай тажрыйбасын колдонууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ошондой эле Кытайдын салттуу медицинасын колдонуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборлорду ачуу каралып жатканы айтылды.
 
"Биздин министрлик Кытай кесиптештери менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Кытай менен жакырчылыкка каршы күрөшүү темасында, аны менен катар социалдык саясатынын башка ийгиликтүү багыттарында тажрыйба жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну каалайбыз", — деди Базарбаев.
Ал эми Дэвень Кытай элчилиги министрликтин сунуштарын ишке ашыруу үчүн күч-аракет жумшоого даярдыгын билдирген.
"Кытай 100 жылдан бери жакырчылык менен жигердүү күрөшүп келе жатат, акыркы 10 жылда биз аны толугу менен жоюуга жетиштик. Мамлекеттин аракетинин аркасында 800 миллиондон ашык кытай жараны 2021-жылы жакырчылыктан чыгарылган. Биз өз билимибизди жана тажрыйбабызды Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярбыз", — деди элчи.
Ошону менен бирге министр Кытайдын заводдорунан Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинен техникалык каражаттарды алуу боюнча тажрыйбасы бар экенин кошумчалаган.

https://sputnik.kg/20220713/kyrgyzstan-zhakyrchylyktan-chygaruu-kytay-tazhryyba-1066043675.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад