DataLife Engine > Жаңылыктар > "Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Атанын ортосунда жол кыймылына чектөө кирет

"Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Атанын ортосунда жол кыймылына чектөө кирет

20-21-июль күндөрү "Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу болот.
ЖКККББ чектөө учурунда жол боюна токтотулган автоунаалар эвакуация болорун эскертти.
Башкармалык Ысык-Көл облусунун тургундары менен конокторун иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылып, жол эрежесин бузбоого чакырды.

 
https://sputnik.kg/20220715/ysyk-kol-zhol-kyjmyly-chektoo-1066109443.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад