DataLife Engine > Жаңылыктар > Борбор Азиянын жаңы келишим түзүү дымагы

Борбор Азиянын жаңы келишим түзүү дымагы

Чолпон-Ата шаарында өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Орусиянын жетегисиз жана анын катышуусуз өтө турган бул саммитте буга чейин бейтараптуулукту сактаган Түркмөнстан менен ар кандай саясий бирикмелерге кирүүдөн карманып келген Өзбекстандын аталган келишимге кошулары кабарланды. Бул - эл аралык геосаясий абал кыйчалыш болуп, чөлкөмдөгү үч өлкөдө кандуу окуялар болгондон кийин жана Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу өтүп жаткан кеңешме.

Чолпон-Ата саммити: мааниси жана камылгасы

Борбор Азияда тынчтыкты сактап, андагы беш өлкөнүн өз ара мамилесин чыңдоого багытталган мамлекет башчыларынын кезектеги кеңешмесин кыргыз мамлекети кабыл алганы турат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаары бир учурда беш президентти кабыл алууга камданып жатканын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмү кабарлады. Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесине келүүгө президенттердин бардыгы - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев макулдугун беришкен.

Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жыйында Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселеси караларын билдирди:

"Өлкө лидерлери аймактык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат. Региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү болочогун, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Азымбакиев.

Чолпон-Ата саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров айрым кошуна мамлекет башчылары менен жекече жолугушары да белгилүү болду.

Келишим шарты: ич ара кол салышпоо, сырткы күчкө чогуу каршы туруу

Бул саммиттин алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында "XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин" долбоору жарыяланды.

Бул документ Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин негиздемеси, казак өкмөтүнүн токтому, президенттин аталган макулдашууга кол коюу тууралуу жарлыгынын долбоору менен коштолгон.

"Геосаясий туруксуздуктун, эл аралык аренадагы чыңалуунун, глобалдык коопсуздуктун тобокелдиктери күчөгөн шартта Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну тереңдетүү Казакстан үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Чөлкөмдөгү кызматташууну өнүктүрүү максатында ишеничтүү мамилелерди түзүү, региондун өнүгүшүн камсыздоо, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле ар түрдүү эл аралык аянтчаларда аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн маселелерди алдыга жылдыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Буга чейинки кеңешмелерде аймактык жакындашуу жараяндары туруктуу мүнөзгө ээ болду. Чөлкөмдө конструктивдүү жана көп тараптуу саясий диалог түзүлдү”, - деп жазылган казак өкмөтүнүн түшүндүрмөсүндө.

Бул келишимдин негизги өзөгү ага кол койгон тараптар бири-бирине кол салып, күч колдонуудан баш тартып, сырттан коркунуч болгондо биргеликте каршы туруу шарттарын ичине камтыйт. Документ ынак кошуналыкка, достукка негизделип, кызматташууну чыңдоого, чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө, өз ара ишенимди камсыздап, жалпы кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга багытталганы долбоордун түшүндүрмөсүндө көрсөтүлгөн.

Жабык маалымат

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган келишим долбоорунун ага кол коё турган тараптардан макулдашуудан өткөнү тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат мекемесине кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

Тышкы иштер министринин бир орун басары Динара Кемелова Борбор Азия мамлекет башчыларынын кеңешме жыйынын уюштурууга жооптуу башка орун басар Нуран Ниязалиев экенин айтып, ал өзү жалпы уюштурулуп жаткан саммит жана анда кабыл алына турган документтердин мазмуну боюнча маалымат бере албастыгын кошумчалады.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев саммитте кол коюла турган документтердин саясий мааниси тууралуу эмнеге маалымат ачык жарыяланбай жатканын минтип түшүндүрдү:

"Бул маселе тууралуу мен азыр эч кандай комментарий бере албайм. Бул президенттердин деңгээлинде болуп жаткан жолугушуу. Ошондуктан бул тууралуу маалыматтарды президенттик администрациядан ала аласыздар. Болбосо биздин басма сөз кызматка чалсаңыздар, ошол жактан кийин маалымат беришет. Буюрса, бир аз коё турсаңыз, маалымат болот го дейм. Сабырдуулук, чыдамдуулук деген болуш керек. Иш болсо жүрүп жатат. Бир аз чыдап туруңуздар, маалымат болот".

Саясат талдоочулардын баамында, бул саммитти уюштуруп жаткан тарапка Москвадан катуу басым болуп, ошондуктан кыргыз дипломаттары кол коюла турган документтер тууралуу кенен маалымат бере албай, этияттап жатышы ыктымал.

https://www.azattyk.org/a/borbor-aziyaynyn-jany-kelishim-tuzuu-dymagy/31948798.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад