DataLife Engine > Жаңылыктар / Экономика > Кыргызстан эми Россия менен соодасын толук орус рублинде жүргүзөт

Кыргызстан эми Россия менен соодасын толук орус рублинде жүргүзөт

Кыргызстан Россия менен соода жүргүзүүдө эсептешүүлөрүнүн баарын орус рублине өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» билдирди.

Анда министр орус-кыргыз товар жүгүртүүсү толук рублге өткөнүн айткан.

«Анткени Россия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз – орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Россия менен рубль — сом болуп жүргүзүлүүдө», — деген ал.

Министрдин айтымында, буга чейин газ жана күйүүчү майлоочу материалдар боюнча «Газпром» менен эсептешүү доллар менен жүргүзүлүп келген.


 
https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/07/20/kyrgyzstan-emi-rossiya-menen-soodasyn-toluk-orus-rublinde-zh-rg-z-t/скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад