DataLife Engine > Жаңылыктар / Экономика > Кыргызстанда эми 5G технологиясы колдонулуп баштайт — сыноодон өттү

Кыргызстанда эми 5G технологиясы колдонулуп баштайт — сыноодон өттү

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган министрлик 5 G технологиясын киргизүү заманбап технологияларды жана жалпысынан коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишендирүүдө.

5G технологиясын киргизүү керектөөчүлөргө маалыматтарды алмашууда ылдамдыгын жогорулатып жана берилген трафиктин көлөмүн кеңейтүүгө жардам бермекчи.

5G технологиясын киргизүүгө шарттарды камсыздоо үчүн Байланыш кызматы учурдагы радиоэлектрондук жабдуулардан жыштык тилкелерин чыгаруу боюнча иштерди жүргүзгөн жана 5Gди сыноо үчүн пилоттук жыштыктарды аныктаган.

«Бүгүнкү күндө тестирлөөгө уруксат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноосун өткөрүштү. Жакында Кыргызстандын жашоочулары 5G технологиясын пайдаланып, жаңы бешинчи муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алат», — деп билдиришти министрликтен.


 
https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/08/08/kyrgyzstanda-emi-5g-tehnologiyasy-koldonulup-bashtajt-synoodon-tt/скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад