DataLife Engine > Жаңылыктар / Экономика > Күйүүчү май кымбаттагандыгына байланыштуу көмүрдүн баасы кайра каралат — кымбатташы күтүлөт

Күйүүчү май кымбаттагандыгына байланыштуу көмүрдүн баасы кайра каралат — кымбатташы күтүлөт

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү Нарын облусунда бир тонна көмүрдүн баасы жеринде 1360 сомдон 1450 сомго чейин бекитилип, азыркы убакта ушул баа менен иш алып барылып жатканын, бирок жакында анын баасы кайрадан караларын «Нарын медиага» билдирген.

Бирок бул баалар дизелдик отундун, майлоочу майлардын, унаа тетиктеринин баасынын кымбаттагандыгына байланыштуу кайра каралып чыгат.

Белгилей кетсек, Нарында көмүр өндүргөн ишканалар күйүүчү майдын, тетиктердин, дөңгөлөктөрдүн кымбаттаганын жана айдоочулардын айлык акылары көтөрүлгөнүн жүйөө келтиришип, бааны кайра карап берүү боюнча Монополияга каршы кызматтын борбордук аппаратына кайрылышкан.

«Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 30-апрелиндеги 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында, Нарын облусунда 1 тонна көмүрдүн карьердин өзүндө чыккан баасы 1360 сомдон 1450 сомго чейин бекитилип, чыгарылган буйруктар 16 компанияга берилген.

Былтыр бир тонна көмүр баасы жеринде 1330 сом болгон. Быйыл апрель-май айында баа каралып жатканда дизелдик отундун бир литри 62-65 сом болчу. Ошого жараша бир тонна көмүрдүн баасын карьердин өзүндө 1360-1450 сом деп бекитилген. Азыр күйүүчү май 70 сом 80 тыйынга чыкты. Буга байланыштуу бизге өзүбүздүн борбордук аппараттан бааларды кайра кароо боюнча тапшырма келди. Бааны кайра карап чыксак дагы айырма болот», — дейт Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыбек Орозобеков.

Буга байланыштуу 23-28-августка чейин көмүрдүн жериндеги баасы кайра каралат.

«Кара-Кече» МИнин берген маалыматына таянсак, кендин өзүндө көмүрдүн баасы — тоннасына 1450 сомду түзөт. Ал эми Бишкекте тоннасы 4 миң сомдон сатылып жатканын «Кыргыз көмүр» ишканасы билдирди.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/08/10/k-j-ch-maj-kymbattagandygyna-bajlanyshtuu-k-m-rd-n-baasy-kajra-karalat-kymbattashy-k-t-l-t/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад