Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп, жалпы төрт команда: Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курамалары күчүн сынашты.
Финалда кыргызстандык волейболчулар үй ээлери болгон Бангладеш курама командасына 3-2 эсебинде жеңилип калышты.
Тайпалык оюнда Шри-Ланка, Бангладеш, Непал командалары менен беттеш өткөрүштү.
Кыргызстан — Шри-Ланка 3-1;
Кыргызстан — Бангладеш 2-3;
Кыргызстан — Непал 3-0.
Жарым финалда Шри-Ланкага каршы оюнда 3-0 эсеби менен жеңишке жетишти.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstandyk-voleibolchular-zonalyk-aziia-chempionatynda-k-m-sh-medalga-tatydy/Вернуться назад