DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан / Экономика > 2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү

2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү

Мунун ичинен азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн тарифтери 9,1% өскөн.

Улуттук статистика комитети Кыргызстан мүчөлүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги инфляцияларды салыштыруу менен өлкө анда экинчи орунда турарын тактады. Бир жыл ичиндеги баалардын көтөрүлүшү Казакстанда 20,3%, Беларуста 12,8%, Орусияда 11,9% жана Арменияда 8,3% катталган.

Инфляция — бул товарлардын жана тарифтердин көтөрүлүшүн түшүндүрөт. Ал муну менен катар акчанын куну кетишин жана сатып-алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайышын да билдирет.

Адистер Кыргызстанда жалпы инфляция 14,7% түзгөнү менен айрым товарлардын түрлөрү 40-50% чейин кымбаттаганын коңгуроо кагып келишет. Мындай көрсөткүч Улуттук статистика комитетинин деталдуу мониторингинде да чагылдырылып турат.

Источник: https://www.azattyk.org/a/32225447.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад