Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду
Кыргызстандын президенттик администрациясы кабарлагандай, бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталганын билдирген.
Кыргызстандын биринчи айым Айгүл Жапарова алдыдагы конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымын талкуулоо үчүн жакшы аянтча болорун белгиледи.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32231032.htmlВернуться назад