DataLife Engine > Жаңылыктар / Коопсуздук / Коом жана проблемалар > ТИМ кыргызстандыктарды куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырды

ТИМ кыргызстандыктарды куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырды

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда Судан өлкөсүндө регулярдуу армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылыш уланууда.

"Тышкы иштер министрлиги кагылышуулардын натыйжасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган өлкөгө абал толук турукташканга чейин ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Судандын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/tim-kyrgyzstandyktardy-kuralduu-kagylysh-zh-r-p-zhatkan-sudan-lk-s-n-barbai-turuuga-chakyrdy/скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад