DataLife Engine > Жаңылыктар / Коом жана проблемалар > Екатеринбургда кыргызстандык бала жоголуп кетти

Екатеринбургда кыргызстандык бала жоголуп кетти

 
Ал 21-апрелде мектепке чыгып кеткен боюнча үйүнө кайткан эмес. 22-апрелде ата-энеси полицияга кайрылган. Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери полиция бөлүмүнө барып, жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолукканы айтылды.
 
"Баланы тартип сакчылары издөөгө киришти. Консулдук бул кооптуу окуя боюнча Екатеринбургда социалдык тармакта түзүлгөн 100дөн ашык топторго кабарлады", — деп билдирди ТИМ.

 
Окуучуну табууга полициядан тышкары, издөөчү "Прорыв", "Лиза Алерт" топтору да кошулган.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230423/ekaterinburgda-kyrgyzstandyk-bala-zhogolup-ketti-1074667203.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад