Россия Судандан алты кыргызстандыкты эвакуациялады
Хартум — Москва маршруту менен келген кыргызстандыктарды өлкөнүн Россиядагы элчилиги тосуп алып, эртеси, 3-майда, Бишкекке жөнөткөн.
ТИМ буга чейин Судандан жети кыргызстандык алып келингенин эскертти.
Белгилей кетсек, 15-апрелден тарта Суданда Тез арада аракетке келүүчү күчтөр менен (башында Мухаммед Хамдан Дагло турат) регулярдуу армия кармашып жатат. Каршылашкан тараптар ар кимиси ЖМКларда, социалдык тармактарда маалыматтык кампаниясын жүргүзүп, кайсы объектилерди каратып алгандыгын айтып жана ийгиликтерин өз-өзүнчө жар салууда.
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, кагылыштан көз жумгандардын саны 600 адамга чукулдап калды.
Источник: https://sputnik.kg/20230503/sudandan-ehvakuaciyalangan-kr-zharandary-1074962993.html
Вернуться назад