DataLife Engine > Жаңылыктар / Спорт > Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту

Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту

 
Өлкөнүн байге куржунуна коло медаль алып келген биринчилик Ташкент шаарында өтүп жатат. Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитети маалымдагандай, бүгүн 1/2 финалда мушкер 57 кг салмакка чейинкилер категориясында өзбекстандык Абдумалик Халоков менен күч сынашып, утулуп калды.

Кыргызстандык мушкер чейрек финалда тажикстандык боксчуну жеңип алган.

Аталган таймаш Ташкент калаасында 30-апрелде башталган. Булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашы 14-майда соңуна чыгат. Кыргызстандын Өзбекстанга аттанган командасында 13 спортчу бар.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230512/kyrgyzstan-ozbekstan-boks-mushker-chempionat-kolo-medal-1075274251.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад