DataLife Engine > Жаңылыктар / Коом жана проблемалар > Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады

Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 14-майга караган түнү саат 02:30дар чамасында катуу жаан жаап, Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короосун каптаган.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук ЖК кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө.

"Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштери, райондук СЭК борборунун атайын бригадасы тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрүүдө", – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилген.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/bazar-korgondun-karacha-aiylynda-turak-il-rd-sel-suulary-kaptady/скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад