DataLife Engine > Жаңылыктар / Интеграция / Экономика > Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз

Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз

 
"Сүйлөшүүлөр ошол эле учурда Египет, Иран менен болуп жатат. Бириккен Араб Эмирлиги менен сүйлөшүүгө кириштик, Индонезия менен башталды. Бул абдан жакшы белгилер. Биздин өз ара кызматташуубуз өнүгүп жатканын көрүүдөбүз. Мунун баары биздин өлкөлөрдүн жакындыгынан кабар берет. Астыбызга койгон милдетибиз – соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу жана биринчи кезекте экономика тармагындагы баарлашуу, кызматташууларды жөнөкөйлөтүү", — деди Оверчук.
 
KazanForum Татарстандын борборунда өтүүдө. Бул Россия менен ислам өлкөлөрүнүн кызматташуусу үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форумдун максаты – РФ аймактарынын жана Ислам кызматташтык уюмундагы мамлекеттердин соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий тармактардагы алакасын бекемдөө.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230520/rossiya-tatarstan-kyrgyzstan-sooda-forum-kyzmattashtyk-ehkonomika-1075486580.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад