DataLife Engine > Жаңылыктар / Коом жана проблемалар > Сурамжылоо: катышуучулардын 80%ы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон

Сурамжылоо: катышуучулардын 80%ы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон

Тегерек столдун жүрүшүндө 2023-жылдын 10-майынан 25-майына чейин БМУ алдындагы Коомду изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлгөн "Учурдагы коомдук-саясий кырдаалга жана Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү” деген темада социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Бардык облустарды, Бишкек жана Ош шаарларын камтыган сурамжылоонун алкагында кыргызстандыктардын өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий жана экономикалык абалды кабыл алуусу жана баасы, ошондой эле алардын өлкөнүн жогорку жетекчилиги болгон президенттин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө карата мамилеси изилденген..

Алынган маалыматтарга ылайык, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү акыркы 2 жылда өздөрүнүн жашоосундагы оң жылыштарды белгилешкен.

Жарандардын колдоо рейтингиндеги лидерлердин башында президент Садыр Жапаров болду. Анын ишмердүүлүгүн сурамжылоого катышкандардын 80%дан ашыгы колдогон. Сурамжылоо учурунда калктын басымдуу бөлүгү президенттин 2 жылдык ишине оң баасын берген. Ошентип, республика боюнча оң пикирлердин жалпы үлүшү 80%дан ашкан.

Айрыкча белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-22-майында жүргүзүлгөн онлайн сурамжылоонун жыйынтыгында дагы президентке болгон ишеним 80%дан ашкан. Ошентип, социологиялык изилдөөнүн эки жылында тең кыргыз элинин президентти колдоо деңгээли өзгөргөн жок, максималдуу деңгээлде – башкача айтканда 80%дан ашык бойдон калган.

Бул социологиялык сурамжылоо 2022-жылдан бери Коом изилдөө борборунун социологдору тарабынан Кыргызстандын Социологиялык ассоциациясы менен тыгыз кызматташтыкта ​​"Кыргыз Барометри" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан мониторингдик изилдөөлөрдүн кезектеги толкуну.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparovdun-ishmerd-l-g/скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад